www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргызстанда диний уюмдар көбөйүп, кагылууларга жетип, акыры Ооганстан, Сирия болобуз", - деди бүгүн, 20-августта NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Бейшенбек Абдыразаков.

- Мамлекеттик система тазаланбаса, коррупция токтобосо элдин халифат курууга болгон ниети күчөй баштайбы?

- 30 жылда 32 Өкмөт, 5 ажо, 3 төнкөрүш, 500-600 адам өмүрүн алып кетти. Карапайым элдин жашоосунда жакшыруу жок, баягы эле жакырчылык, жумушсуздук, миграция, чечилбеген көйгөйлөр ушунун баары жылдан жылга элдин бийликке ишенбестигине алып келип баратат. Эң коркунучтуусу эл бийликке ишенбей, динчилдерге ишенип кетип баратканында. 30 жылда мектептен мечит көбөйдү. Мектепке баргандардан медресеге баргандар көбөйдү. 30 жылда өзүнчө бир армия пайда болду. Буга чейинки 3 төнкөрүштү саясатчылар жазаса эмки төнкөрүштү радикалчылар жазайт. Ага бүгүнкү Ооганстандагы Талибандын келиши түрткү болду. Радикалдар да ушинтип бийликке келсе болот экен деп Кыргызстанда да ойлонуп калышты. Анын үстүндө бизде Бангладеш, Пакистанга барып окуп келгендер көп. Сирияга миңге жакын кыргыздарды согушка жиберген радикалчылар бар. Эми аларга оңой болду. Көп кыргыздарды Ооганстанга согушка жиберет. Биринчиден жакын, экинчиден оңой. Үчүнчүдөн, бизде да толтура шейх болобуз, эмир болобуз, шарият менен жашайбыз дегендер жылдан жылга көбөйүп жатат. Бийлик жакшы иштебесе ошону шылтоо кылып баары ооп, колдоп кетиши мүмкүн.

- Халифат курууну көздөгөндөр террористтик уюмдун мүчөлөрү дегенге ынансак болобу?

- Баары эле террористик уюмдун мүчөсү эмес, акыркы кезде Кыргызстанда көптөгөн диний уюмдар, көптөгөн жана башка багыттагы уюмдар көбөйүп кетти. Мунун баары мамлекет динден тышкары деп койгондуктан пайда болду. Мамлекетте бир дин, бир Куран, бирдей мечит, бир ислам, бир мусулман болуш керек!

Бизде мусулмандар 72 багытта, мечит - 72 багытта, ислам - 72 багытта, динге окууту да 72 багытта болушу керек. Бирөө Бангладештен, бирөө Пакистандан, бирөө эмираттан, бирөө Түркиядан үйрөнүп келип, элдин башын айлантышат. Ушунун баары дин арасындагы кагылышууга алып келип, жыйынтыгында Ооганстан, Сирия болобуз. Мамлекет, бийлик тез арада тартипке салыш керек! Ооганстандан кийин бизде да коркунуч пайда болду. Талибдер биздикилерге мативация берип койду. Эми бизде да күчөйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости