www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов буга чейин бир катар мамлекеттик кызматтарда иштеген, такшалган, билимдүү кадр экени белгилүү. Бул жааттан сынагандар көп. Баса, “маммолог” деген атка калганы, чуу чыкканы эсибизде. Бирок, анын чак түштө машина айдап баратып, эмчек кармаган жоругу далилденген эмес. Тек гана ага окшогон көз айнекчен жигит эле. Эмне дейли? Албетте, коомчулукта чиновниктерге карата сынпикирлер реалдуу алкакта айтылышы керек. Ошондо гана өсүүгө умтулабыз. Балким, Алмаз Мамбетов Ош шаарынын башчысы катары өзүн көрсөтүп, алгылыктуу иштердин өтөөсүнө чыксачы? Эмесе, убакыт керек, күтө туралы.
Булак: Азия News гезити