www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистандык студенттер кыргыз элине кайрылуу жасашты

Пакистандын Кыргызстанда билим алган студенттеринин федерациясы Facebook баракчасына коомчулукка кайрылуу жасады. Анда чет элдик студенттер Кыргызстанга татыктуу, сапаттуу билим алуу үчүн келгенин, алар өлкөнү сыйлап, жергиликтүү элге эч качан акаарат кылбаганын жазышкан.

"Азыркы тапта Бишкектеги айрым адамдар пакистандык атуулдарга карата жагымсыз маалыматтарды таратууда. Баарыңыздарды чет элдик студенттерге жакшы мамиле кылууну суранабыз. Азыркы тапта Бишкекте жүргөн көп пакистандыктар студенттер эмес. Алар 15 күндүк карантинге алынып, Дубайга же башка өлкөлөргө кетчүлөр.

Пакистандыктар Кыргызстанда жыйырма жылдан бери жашап келет. Канча ирет өлкөгө зыян келтиргени катталды эле? Пакистандыктардын жашоо образы айрымдардын ачуусун келтирип жатат. Бул глобалдык көйгөйбү?", - деп жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости