www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Талибан" кыймылынын коркунучунан улам оогандыктар Аму дарыя аркылуу желим бөтөлкөлөр менен сүзүп, мамлекеттик чек арадан өтүп, коңшу Өзбекстандын аймагына кирүүгө аракет кылышууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, качкындардын агымы Термез аймагында көп катталууда. Өзбекстандын чек арачылары дарыя аркылуу кирген оогандыктарды кармап жатат.

Буга чейин Өзбекстан 150дөй ооган качкындарын мамлекеттик чек арага жакын жердеги чатыр лагерге жайгаштырганын жарыялаган. Лагерди өзбек чек арачылары кайтарат, качкындарга тамак-аш жана керектүү жардамдар берилет.

"Талибан" кыймылы - Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости