www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров да, Камчыбек Ташиев да куугунтукту өз башынан өткөргөн, ошондуктан, саясий куугунтукка жол бербешине кепилдик берсек болот. Мындай пикирди журналист Нургазы Анаркулов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

Ачыгын айтуу керек, бүгүнкү күндө өлкөдө ким кандай нерсеге тушукпасын, же башка кандай гана окуя болбосун, анын баарын Камчыбек Ташиевке шылтап коюу өзүнчө салтка айланып баратат. Бүгүн интернет желелеринде сот тарабынан камакка алынган жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулунун (Куренов): "Бүгүн Свердловск райондук сотунда менин ишим каралат, мага жеткен маалымат боюнча Камчыбек Ташиев мени камагыла деп тапшырма берген", - деген өңүздөгү видеокайрылуусу талкууга алынып жатат.

Коомчулукка маалым болгондой, Тилекматты буга чейин ИИМ "бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык" жасагандыгы үчүн кармап, коомчулуктун талабы менен баш коргоо чарасы үй камагына алмаштырылып, эркиндикте жүргөн. Эми болсо сот ага карата ушундай чечим чыгарыптыр.

Анда кайсы өңүттөн К.Ташиевди каралап жатышат? Ташиев - УКМКнын төрагасы, ал ички иштер министри же сот эмес го?

Ошентсе да, бүгүн Камчыбек Кыдыршаевичке байланышып түз эле, "Тилекматты Ташиев тапшырма берип, каматты” деген сөз канчалык деңгээлде туура?" - деген суроону кабыргасынан койдум.

- Тилекмат дейсиңби, бул ким экен, андай баланы тааныбайт экенмин. Эмне болуптур?.. - деп менден кайра сурайт.

Мен Тилекмат тууралуу кеңири маалымат бергенден кийин мындай деди:

- Мен учурда президент Садыр Жапаровдун чек араларды бекемдөө тапшырмасы менен алысыраакта командировкада жүрдүм эле. Бул иштин мага же, УКМКга тийешеси жок экенин көрүп турасыздар. Албетте, активист жигиттин окуясы, мени да ойго салды. Бирок баары мыйзам жүзүндө болушу керек.

Демек, бул окуяда да Ташиевдин атын атоо менен атак-даңк топтоо, куугунтук жеген адам катары өзүн көрсөтүү аракети билинип турат. С.Жапаров да, К.Ташиев да куугунтукту өз башынан өткөргөн, ошондуктан, саясий куугунтукка жол бербешине кепилдик берсек болот", - деп белгилеген Анаркулов.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости