www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коррупцияга шектелип, убактылуу камакка алынган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин абалы начарлап баратат. Анын кан басымы менен көйгөйлөрү бар. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров айтып, Бейшеналиевдин башка да өнөкөт оорулары бар экенин белгиледи.
Анын айтымында, 16-июнда Бишкек шаардык соту Бейшеналиевди бир айга камакта калтырган Октябрь райондук сотунун чечимине карата министрдин жактоочусунун арызын карайт.
Алымкадыр Бейшеналев коррупцияга шектелип 2-июнда кармалган. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал өлкөдө башка мамлекеттерден жардам катары келген дары-дармектер бар экенине карабастан, коронавируска каршы вакциналарды 1,5 миллиард сомго сатып алууга буйрук берген.
Кийинчерээк Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевге карата 7 кылмыш иши козголгонун кабарлаган: 2 - пара талап кылуу фактылары боюнча жана 4 - кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана атайылап пайдасыз келишимдерди түзүү фактылары боюнча.
Булак: NazarNees.kg