www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин, аткаминерлердин, соттордун кандай ката кетирсе же кандай кылмыш кылса дагы жазага тартылбай калышы – жарандардын сот акыйкаттыгы менен адилет иликтөөгө жетпей калуусуна жана Кыргызстандын жабык мекемелеринде соттун чечимисиз өлүм жазасына тартылып жатышына алып келүүдө.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) мекемелеринде камалгандардын өлүмгө кириптер болуусунун статистикасын карап көрсөк, адамдар абактарда жашоого болгон негизги укуктарынан ажырап, өмүрүнөн ажырап жатат. Мамлекет адамды соттоо менен, аны эркиндигинен гана ажыратат, бирок анын өмүрү менен коопсуздугуна кепил болууга тийиш.
Саясат талдоочу Марат Казакбаевдин кайгылуу өлүмүн жана укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өз мезгилинде сапаттуу медициналык жардам албагандыктан кайтыш болушун – соттон тышкаркы өлүм жазасына тартуу мисалдар катары кабыл алуу керек.
«Бир дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо уюму президент Садыр Жапаров менен акыйкатчы Атыр Абдрахматовага кайрылып, өлкөнүн жабык мекемелеринде жаза өтөп жаткан жана тергөөгө алынган жарандардын өлүмгө учуроо фактыларын ыкчам жана ар тараптуу иликтөө зарылдыгы тууралуу айтат.
«Бир дүйнө – Кыргызстан» уюму түптөлгөндөн баштап Кыргызстандын абактарында кармалгандардын жашоого болгон укугу үчүн күрөшүп келет. Биз 2005-жылдан бери жабык мекемелерге мониторинг жүргүзөбүз жана 2005чи менен 2007-жылдардагы төңкөрүштөр учурунда адам укуктарын бузуу фактыларын документтештиргенбиз.
Биз 2010-жылдан бери абийир туткуну жана укук коргоочу Азимжан Аскаровду эркиндикке чыгаруу жана коргоо үчүн күрөшүп келдик. Он бир жыл аралыгында укук коргоочулар менен адвокаттар анын иши боюнча 49дан ашуун сот ишине катышты. Тилекке каршы, 2020-жылдын 25-июлунда Аскаров 47-абакта каза тапты.
Анын көзү өткөн күндөн баштап биз укук коргоочунун өлүмү боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүү жана анын өлүмүнө себепкер болгондорду жоопко тартуу үчүн күрөшүп келебиз. Бүгүнкү күндө эркиндикке чыгуудан үмүттөрү үзүлгөн, адилетсиз соттолгон миңдеген башка курмандыктар, акырындап өлүмгө жетеленип бараткан оорулуулар түрмөлөрдө калууда.
Ушуну менен байланыштуу:
талап кылабыз.
Эч ким жабык мекемелерде набыт болбош керек! Жоопкерчиликке тартылбай калуу бүтүндөй Кыргызстанды жок кылат!