www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Канча аракет кылып, жан талашпайлы арам акча буюрбайт», - деди бүгүн, 27-июнда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Бейшенбек Абдыразаков.

- Казинолор иштесе эле бюджет толуп, маселелерибиз чечилип калабы?

- Канча аракет кылып, жан талашпайлы арам акча буюрбайт! Казинону ачкыча башка тармактарды жакшылап иштетип, коррупцияны токтотсок болмок. Ошондо казинодон түшчү каражат бул жактан эле табылып калмак. Анан буйрукту, берекелүү болуп, элибиздин жакшылыгына жумшалмак.

Кыргызда суунуку сууга деп коёт. Андай арам акчалар жукпайт. Кандай келсе, ошондой кетет. Ошон үчүн акчаны андай жолдон эмес, башка тармактан табууну көздөсөк жакшы болмок.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Бирок документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартып, ага бөгөт коюшту.

Ошентип аталган мыйзам экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат «макул», тогузу «каршы» болду. Беш депутат добуш берген жок.

Депутаттар арасында казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдиргендер болду. 

Өлкөдө бир катар нааразылыктан улам кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар айтылып келген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости