www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казино ойноого кыргызстандыктарга тыюу салынат деген мыйзам кабыл алуу керек», - деди бүгүн, 27-июнда NazarNews маалымат агенттигине Төлөгөн Келдибаев.

- Төлөгөн мырза, казино боюнча коомчулукта оң да, терс да пикирлер айтылып жатат. Казино бюджетти толтуруу үчүн аргасыздан ачылып жатабы?

- Казино салыгы казынага миллиондогон салык алып келет деп мыйзам долбоорунун авторлору айтып жатат. Согуш болгонго чейин Украинага 9-айда 220 миң араб казино ойногону келишкен. Бизге да миңдеген чет элдиктер агылып келиши мүмкүн.

Казино ачылса конок үйлөр, рестран, эс алуучу жайлар, акча алмаштыруучу жайлар, авиа кассалар, мындайча айтканда атайын заманбап комплекс курулуш керек.

Ошондой эле Салык кодексине, кылмыш жаза кодексине атайын берене кабыл алуу зарыл. Ошондой эле, казино ойноого кыргызстандыктарга тыюу салынат деген мыйзам кабыл алуу керек.

Эгерде кыргызстандыктар казино ойноого кире турган болсо, казино ачкан компанияга ири суммадагы айып салуу, Кыргызстандын жаранына кылмыш жаза кодексине ылайык катуу жаза колдонуу талаптары  болбосо, баш аламандык орун алып, коррупция өсүп, кылмыштуу топтор күчөп кетет.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Бирок документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартып, ага бөгөт коюшту.

Ошентип аталган мыйзам экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат «макул», тогузу «каршы» болду. Беш депутат добуш берген жок.

Депутаттар арасында казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдиргендер болду. 

Өлкөдө бир катар нааразылыктан улам кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар айтылып келген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости