www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмне деп айтаарымды да, эмне деп жазаарымды да билбей турам. Жумуштарым менен жүргөм. Филармониянын алдында жаны сыздап ыйлап турган эжени көрүп, бурулуп басып кете албадым.

""— Тааныбаган адамга сырыңды айткан жакшы", - деп раматылык энем кеп кылып калчу эле. Айтып берейин, туура түшүнөөрсүң", — деп улутуна бир үшкүрүнүп алып, айтып баштады.

"— Эки кызым бар. Жолдошум экөөбүз уул балага зар болуп жүрдүк. Канчалаган дарыгерлерге, молдолорго барып көрүндүк. Барбаган мазарыбыз да калган жок. Тилегибиз орундалып, мындан туура 19 жыл мурун уул балалуу болдук. "Ыйык уул болсун" деп атын "Улук" койдук.

Жолдошум каза болуп, экинчи ирет турмушка чыктым. Экинчи турмушум Кудайга шүгүр эле. Бирок жетишпеген жашоодо жашайбыз.

Былтыр уулум бизден качып кетти. Аны таппай жүрүп, араң таптык... Компаниялардын биринде оператор болуп иштеп жүрүптүр. Өз алдынча батирге да чыгыптыр.

Анысына да көндүм. Облустан Бишкекке кеткенин угуп, кечээ күнү келсем, жакында эле Москвага учуп кеткенин уктум.

Акыркы жолу бир ай мурун сүйлөшкөм. Анда уулум "Өзгөчө адам" экенин айткан.

Өзгөчө дегенде кандай, эркек болуп эркектерди жактырат экен...

"— Апа, мен кызга айланам. Женский гормон ичем. Ал теримди назик кылып, көкүрөгүмдүн чыгышына жардам берет. Эркек катары да денеме жүн өсүүсүн токтотот.

Мен кандай болсом, ошондой кабыл алгыла. Мен айтаарымды айттым", - деди. Мен аны алдап да айтып көрдүм, урушуп да айтып көрдүм, айтканынан кайтпады.

"— Эгер агайын-тууган, эл билсе мени тозокко саласың. Жүрөгүм токтоп өлүп калбасам болду. Эгер ошенте турган болсоң, мен асынып өлөм ", - десем, "— Өлсөңүз өзүңүздүн эле шоруңуз... Өзүңүз билесиз ", - деп телефонун өчүрүп таштады. Ошондон бери сүйлөшө элекмин.

Өзүмдүн жүрөгүм көптөн бери ооруйт. Чынында жүрөгүмө аппарат тагынып жүрөм. Мындайларды гармондор менен бекер камсыздаган уюмдар бар экенин уктум. Бирок анык билбейм. Эмне кылаарымды билбей жүрөм. Эл билип калса, кантип башымды бийик көтөрүп жашайм ", - деп күрс-күрс жөтөлүп ыйлаган эжени аяп, көзүмө жаш алдым. "— Ачык интервью бербейсизби?" - десем, "— Андан көрө өлгөнүм жакшы эмеспи", — деп аялдама тарапка араң бутун шилтеп басып кетти...

Самара Босумбаева, "Зоболо" медиасынын редактору

Последние новости