www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кээ биринин оюна койсоң рогаткасын көтөрүп алып согушкусу келет экен. Мындай пикирди белгилүү ырчы Бек Борбиев социалдык баракчасына жазды. 

--"Садыр Жапаровдун Тажикстанга барат дегенин көрөгөч саясатчы катары бааласак болот. 

Кечээ жакында барбай эле койсун дегендер чыкты. Дүйшөнбүго барбай койсо чек ара маселелери өзүнөн өзү чечилип калбайт. Тажик туугандар менен сүйлөшпөй койсок алыска кетип да калышпайт. Алар биздин Аллахдан түшкөн түөлүк коңшубуз. Алар менен ынтымакта болуу биздин дагы кызыкчылыгыбыз. Ооба жаман эл жок, арада ар түрдүү амбициялары менен жарандарыбыз бар.

Кээ биринин оюна койсоң рагаткасын которуп алып согушкусу келет экен. Кудайга шүгүн азыркы өлкө башындагыларга. Эгерде ушул абал кээ бир келесоо, психикалык жактан оорулуу өлкө башчыларынын убагында болгондо, канга боёлуп эле жатып калмак экенбиз.

Эгер жолукса чек ара эле маселеси эмес, толук кандуу соода, маданий достук жөнүндө сүйлөшүүлөр болсо керек. Ооба, ким эле коңшусу менен душман болгусу келсин. Тескересинче камыр-жумур катташта, бир тууган болгусу келет.

Тажикстанга барбай Алматы, Ташкент же Москвада жолукпайбы дегендер да болду. Мына ошол чоң ката болмок, аларга да, бизге да. Алдын ала эле ортомчусуз көйгөйлөр чечилбейт деген таризде, жакындагандын ордуна алыстап алмакпыз.

Тынчтык жолун тандаган саясатчылар мына ушундай жолду тандамак.

Сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өтсүн", деп жазган ырчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости