www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин башчысы борбор калаадагы соода дүкөндөрүнө жана "Сары-Өзөн" базарына барып, маанилүү делинген азыктардын баалары менен таанышты.

Анда чекене соода түйүндөрүнүн администрациясы менен өсүмдүк майына жана кумшекерге болгон бааны жогорулатып жибербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Агенттиктин директору "Сары-Өзөн" дүң айыл чарба базарына да барды. Анда ишкерлер жана дүң сатуучулар менен сабиз, картошка жана башка жашылчалардын баасынын негизсиз өсүшүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аталган базарда жергиликтүү сабиздин дүң баасы килограммы үчүн 70-75 сомдон (жуулбаганы) 80 сомго чейин (жуулганы) сатылууда. Жакынкы күндөрү жаңы түшүмдүн базарга келиши менен баалар турукташарын белгилейбиз", - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости