www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин өлкө аймагында иштеп жүргөн мигранттарды коронавируска каршы эмдөө иштерин 15-июлга чейин баштоо жана каржылоо булагын чечүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу Кремлдин сайтында жарыяланды.

Мындан тышкары, Путин мигранттарды эмдөө боюнча иш-аракеттер кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу 30-июлга чейин доклад берилиши керектигин билдирди.

Белгилей кетсек буга чейин коронавируска каршы «Спутник Лайт» вакцинасы жакынкы күндөрү толугу менен каттоодон өтүп, ошондон тарта Москва шаарында эмгек мигранттарын эмдөө жайлары ачылары кабарланган. 

Вакцина алуу үчүн мигранттын каттоосу жана медициналык камсыздоо полиси болушу шарт. Бул документтери жок мигранттар федералдык мыйзамга ылайык акысыз вакцина ала албайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости