www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңеште Конституциянын жаңы долбоору каралууда. Анда Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев жыйындар ачык өткөнүн айтты.
"Эшигибиз ачык болду. Коомдук талкууга койбойсуңарбы деп сындагандар болду. Кеңешменин жыйыны ачык болуп жатты. Муну коомдук талкуу деп айтсак болот", - деди ал.
Ал президенттин укугун көп берип койдуңар дегендердин деңгээли ошол деп айтты.
Депутат Алмазбек Токторов: "Сиз сөзүңүздө президенттин укуктарын көп берип коюпсуңар дегендердин деңгээли ошол дедиңиз, бул туура эмес. Пикири же көз карашы деп айтышыңыз керек. Ошондо деңгээли төмөн болуп калабы?" - деп сурады.
Бөрүбашев: "Мен бирөөнүн намысына тийип койсом, "менин деңгээлимди кайдан билдиңиз" деп айтсын. Үч айдан бери укпаган сөздүн баарын уктук. Туура эле айттым. Сиз өзүңүзчө мен өзүнчө түшүнөм", - деди.
Булак: NazarNews.kg