www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл кыш чилдеси учурунда кар ойдогудай жаап берди. Байыркылардын эсеби боюнча 7-январда түшкөн кыш чилдеси кырк күн өткөн соң 17-февраль күнү чыгып, эл жаз камын көрө баштайт. Байыркы эсепчилер кышкы чилде чыгышы менен келе жаткан жылдын кандай болоору тууралуу эсептешкен. Азыркы заманда аба ырайын алдын-ала так биле турган метеорологиялык аспаптардан улам, бир жума алдыда боло турган аба-ырайы тууралуу маалыматтарды билсе болот. Синоптиктердин эсеби боюнча кышкы чилде чыккан соң кемпир ыйлаак учурунда Кыргызстанда аба-ырайы жаанчыл болот. Демек быйылкы жыл түшүмдүү болот. Мындан кылым мурун кыргыз элинде аба ырайын так биле турган аспаптар болгон эмес. Ошондуктан, жылдыздарды карап келе жаткан аба-ырайын билүүгө умтулушкан эсепчилер болгон. Ошолордун бири Эсенбай эсепчи тууралуу сөз кыла кетели. Бир учурда калмактар күчкө толуп, кыргыз элин Анжианга чейин сүрүп салган. Он сегизинчи кылымдын аягында Кытай аскерлери Кытай менен кыргыздардын ортосундагы чалкыган жерди ээлеп турган Жунгар мамлекетин жер менен жексен кылат. Бешиктеги балдардан бели бекчейген абышка-кемпирлерге ченйин кырып, бул мезгилге чейин Борбор Азияны титиретип келген Жунгар мамлекети көз ачып жумгуча жок болот. Жунгар мамлекетине таянып кыргыз, казактарга зордук-зомбулук кылып келген калмактар негизги таяныч күчүнөн ажырап, Анжиянда тентип кеткен кыргыздар баш көтөрүп, Ала-Тоодогоу калмактарды сүрүп чыга баштайт. Бирок, кечээ эле кыргыз эли менен биримдикте жашап келаткан казактар жер талашып кыргыздарга кол сала баштайт. Ушундай оор чабыштардын биринде казак ханы Абылай кыргыз жерине басып кирип Чүйдө жашап жаткан Жайыл элин кырып, колго түшкөндөрүн, ичкери азыркы Казакстанга көчүрүп кетет. Ушул көчүрүп кеткен кыргыздардын айтылуу кара жаак, казактардын биринен да сөз бербеген Жөжө акын төрөлүптүр. Ушундай катуу айтыштардын биринде казак төкмөлөрү Жөжөгө «Сен өз жериңди тап» деген кине коюшат. Жөжө кыргыз жерине келип,Чүйдө бир топ жашап туруп, кийин кайра казак элине көчүп кетет.

«Жайыл кыргыны» деп эл оозунда калып калган ааламатта Эсенбайдын бабасы Карагул баатыр казактар менен жан аяшпай салгылашып, Шамшынын белине жакын булактын жаныда каза болуптур. Анын баатырдыгын эскерип, ошол жердеги эл булактын атын «Карагул-Булак» дешип ушул күнгө чейин атап келишет. Карагулдун кызы Үкүдөн учурунда казак-кыргызга аты чыгып, Орусия менен кошулганда, азыркы кыргыз чегин сактап калган Шамен туулат. Ошол Анжиандан көчүп келгенде Карагул баатырдын эли азыркы Воронцовкада Боз-Бөлтөк тоосунун боорунда жашайт. Балким, анын балдары Качыбек, Орус, неберлери Кудаяр, Таштанбек, Кубат ушул жерде Чүйдүн боорунда туулса керек. Кайсы жылдары экени тактала элек, кийин Бос-Бөлтөктү солто элине таштап, Карагулдун эли Ысык-Көлдүн күңгөйүнө жер которуп кетишет. 1860-жылдары Орусия менен кармашта Эсенбайдын эли жеңилип, Ысык-Көлдү таштап Кочкорго көчүп кетүүгө мажбур болот. Кудаяр уулу Эсенбайдын кайсы жерде туулганы белгисиз, бирок анын эсеби боюнча 1850-жылдары жарык дүйнөгө келет. Баласы Келдибектин айтуусунда анын балалыгы кармаш убагында өтүп, нечендеген күлгүн жигиттер каза болгон кезге туш келет. Эсенбай эсепчи 1941-жылдары жүзгө таяп, согуш мезгилинде тиги дүйнөгө узайт. Анын баш аягы жыйырмадай уул-кыздары болгон. Эң кичүү уулу Келдибек да жүздү таяп, 2015-жылы көз жумду. Эсенбай эсепчи тууралуу «Шамен», «Эсенбай эсепчи» деген китептер жарык көргөн. Эсенбайдын тукумдары ичинде Келдибек тууралуу сөз кылып кетебиз. Анын небереси Шер Чүй облусу боюнча математикалык олимпиадада биринчи орунду ээлеп, Кыргыз Республикасы боюнча өткөрүлгөн математикалык олимпиадада экинчи орунду ээлеген.

Кыргыздар “ Токсондун түшкөнү жаман, чилденин чыкканы жаман”- дешет. Бул калетсиз сөз. Эсенбай эсепчинин айтуусунда токсон 29- ноябрдан баштап 11- декабрга чейин түшөт. 26- февралдан 11- мартка чейин суук күчөп, “Токсондогу чал” кетет. Ушул мезгилде кар жаап катуу суук болот. Токсон да, чилде да айрым жылдары 3- күндөн 7 -күнгө чейин эрте же кеч келип жылышып калган учурлары кездешет. Негизинен туура эле келет. Жылдыз санап мезгилдин тамырын кармап, кышта жаз, жайдын, жазда күздүн, жайда кыштын кандай болоорун астына ала айтып койгон ата бабабыздан калган өнөр тилекке каршы жок болуп баратат. Кочкор өрөөнүндө өткөн доорлордо Эсенбай эсепчи деген жашап өткөн. Эсенбай эсепчинин күнүмдүк аба ырайынан баштап, төрт мезгилдин кандай болоорун так айткан өнөрү дүң болуп калың элдин учу кыйрына тарап, алыс жакындан атайлап ат арытып келип акыл сурап кетип турушчу экен. Эсенбай эсепчи менен акылдашып жерге соко салышып, жайлоого, кыштоого качан көчкүлө — десе көчүп, кышка камылга көрүп турушкан. “Кыш оор болот. Жаз кеч келет. Отун сууну кенен камдап, малга тоютту мол камдагыла”- десе айтканын аткарышкан.

Угушубузга караганда кар жааган убакта ал кезде метр, сантиметр деген жок казандын капкагын алып кардын канча калыңдыкта жааганын эсептеп ченеп отурганын Адүкүн агабыз чоң аталарынан угуптур. Бул өнөрдүн айрымдары уулу Келдибекте да калган деп Адүкүн аксакал айтып берген. Алтымышынчы жылдары Эсенбай уулу Келдибек Кара-Суу колхозуна башкарма болуп калат. Момуш аксакал баштаган бир топ адамдар Каройго эгин сээп жатыптыр, башкарма Келдибек келип, түшкө чейин сээп бүтүп калгыла, түштөн кийинкиси жакшы бышпай калат деп кетет. Момуш аксакал: “Келдибек өзүнүн атасы Эсенбайдай билмек беле, сынап көрөлү” –деп, түштөн кийин себилген эгинге белги коюп койот. Чын эле экөө бирдей бышып келатып, түштөн кийин себилген эгинге үшүк тийип жакшы түшүм бербептир.

Келдибектин айтуусунда Эсенбай эсепчи кышкы чилденин качан түшөөрүн байкоочу экен. 7-январдан 18-февралга чейин 40 күнгө созулган кыш чилдеси бар, бул чилдени билген кыргыздар “Эсенбайдын чилдеси” - деп лакап кылып алышкан. Эсенбайды билгендер жыл башында “Эсенбайдын чилдеси” түштүбү деп Келдибектен сурап калышчу. Келдибектин айтуусунда орус чилдеси 25-декабрда түшөт, “Эсенбайдын чилдеси” 7-январдан кийин түшөт, андан бери канча жылдар өттү, айрым жылдары 3- күндөн 7 -күнгө чейин эрте же кеч келип жылышып калган учурлары кездешет. Негизинен туура эле келет” –деп койчу. Эсенбай эсепчинин эсеби боюнча Келдибек Кышкы чилде түшкөн күнү 7-январда туулуптур. Акыркы мезгилде аба-ырайында жылуулук байкалат. Мурун чилде убагында укмуш суук болоор эле, Кара-Кужур тарапта түкүргөн түкүрүк жерге тийбей тоңуп калчу, кулактын үшүгөнүн айтпа.

Эсенбай эсепчи чилденин, сууктун чыгышын төрткө бөлгөн. Эң биринчи чилденин дал баш чагында, “Кырк жигит” кетет деген. Бул 19- январдан 2-февралга чейин 12 күнгө созулат. Кырк жигит кетип атканда кычыраган суук болот. Муну “Жигиттер жигиттик мүнөзүн көрсөтүп атат”- деп коюшат. Кырк жигит кетип жатканда кычыраган суук болуп кар кайта- кайта жааса “ Жыл жаанчыл жакшы болот экен” – дептир жарыктык. Эгер “Кырк жигит” кетип жатканда күн жылымыктап, кар жаабай калса, Эсенбай эсепчи кайгырып: “Бул жыл оор болуп калчудай. Быйыл жаан жаабай, кургакчыл болуп жер түшүм бербей дыйкандарга кыйынчылык болот окшойт. “Кырк жигит” кылжыңдап чыкты, арты жакшы болсо экен” –деп калчу экен.

Эсенбай эсепчинин айтуусу боюнча андан кийинки сууктун чыгышы 2-февралдан баштап “Кырк кыз” кетет. Бул дагы он эки күнгө созулуп, 2- февралдан баштап 14-февралга чейин “Кырк кыз” кете баштайт. ““Кырк кыз” кетип жатканда бирде жаркырап күн тийсе бирде бүркөлүп, бирде жамгыр жааса бирде карлап, кыздардын мүнөзүндөй кылык көрсөтөт. Мындай табият кубулушун Эсенбай эсепчи: “Кырк кыз кылыктанып атат. Күн жаркырап тийип, кар ээрисе жаз келип калды дебегиле. Али көп оюндары бар бул кыздардын”- деп айткан. 2012-жылы “Кырк кыз” ушинтип кылыктанып жатса “бүгүнкү күндүн эсепчилери” Арстан Алай менен Дастан Сарыгулов “Кыргыздар, жаз келди, болду эми чөбүңөрдү саткыла” –деп жатып, чөптү саттырып ийип, жаздын күнү эл катуу суукка кабылып, ушул заманда малын кырып алган. “Кырк кыз” чыгып жатканда кар аралаш жамгыры көп жаап, бирде күн ысып кар ээрип жаз келгендей болуп жаркыраса “Быйыл жаз эрте келет окшойт. Жаз жамгырлуу болуп жер айдоого жакшы болот көрүнөт. Жазга эрте камыналы” — деген экен жарыктык.

Чилденин акырында 14 – февралдан баштап дагы он эки күнгө созулган “Кемпир ыйлаак” деген кургуру бар. Муну 26 -февралга чейинки убакытты “Ыйлаак кемпирдин кеткен мезгили” – дешкен. ““Кемпир ыйлаак” биринчи жумада, жыла басып жумшак кирип, кар аралаш жамгырлатат. Короо — сарайга баш багып мал жанды эсептейт. Үйгө баш багып тирүү жанды эсептейт. Анан экинчи жумасынан баштап жиндеп кирет. Алай-дүлөй бороон боздоп ыйлап кар борошолотуп элдин эсин чыгарган шамалдар болот. “Кемпир ыйлаак” “Казаныңарга эле эмес этиңерге май калтырбай алам”- деп шерт кылып келет тура. Мунун түпкү маани маңызы кышка камылга көрүп жай күздө даярдан дегенде жатат. “Келерки жылда дагы келээрмин..” – деп жатпайбы.

“Кемпир ыйлаак” борошолотуп кар жадырып, муз тоңдуруп суук кылып титиретип үшүтүп, жүдөтүп чыкса кыргыздар кубанып, “Ыйлаак кемпирдин бугу чыгып жакшы кетти. Жаз жакшы болуп үшүк жүрбөйт”- дешет. Эгер “Кемпир ыйлаак” (20 сынан 26 – февраль ичинде) борошолотуп кар жаадыра албай бугу чыкпай калса, “Силердиби. Мени кетти дебегиле 40 күндө, ары ашса 90 күндө кайра дагы кайрылам. Ошондо көрүшөбүз”- деп кекенип кетет имиш. Жанагы жазында кар жаап үшүк жүргөндү кыргыздар “Оңбогон “Кемпир ыйлаактын” бугу чыкпай калды эле. Акыры келип бугун чыгарып кетти”- дешет.

Өркөчү менен тайлак калыптыр кокуй…

Алалбаптырмын… алалбаптырмын…

Куйругу менен козу калыптыр кокуй…

Алалбаптырмын… алалбаптырмын…

Эмчеги менен кыз калыптыр кокуй…

Алалбаптырмын… алалбаптырмын…

Соорусу бөксөрбөй келин калыптыр кокуй

Алалбаптырмын… алалбаптырмын…

Очок кучактаган чалга алым жетпептир кокуй

Чач уштугун көтөрө албаган кемпирге алым жетпептир кокуй

Кычыратып аязды түшүрө албаптырмын…

Барганактуу борошо бороон кылбаптырмын

Кайрылып келерки жылда дагы келээрмин

Камыңарды ошондо чындап көрөөрмүн… деп боздоп ыйлап кар борошолотуп буй түшүрүп кетет имиш.

26- февралдан 11- мартка чейин “Токсондогу чал” кетет. Ошентип 11- марттан кийин кыш толук кетип жаз келди болот. Бул төртөө кетип атканда да айрым жылдарда 3 күнгө чейин ары бери эрте же кеч болуп жылышмайы болот. Мына ушул 12 күндөн бөлүнгөн төрт бөлүк жылдын кандай болоорун аныктап койгон. Жыл жаанчыл болобу же кургакчыл болобу. Жаз эрте келеби же кеч келеби. Жазда кайта- кайта үшүк жүрүп жер жемишке, өсүмдүктөргө зыяны тийеби же үшүк жүрбөй берекелүү жыл болобу. Эсенбай эсепчи ушул төрт бөлүктүн ар бир күнүн санап кандай сыр көрсөтүп жатат өзгөчө байкаган. Эсте сактаган. Ошондуктан ал тууралуу нечен легендалар айтылып калган. “Кырк жигитке” жоолугуп жүрөгү тоңуп эч кимди сүйбөй калган кыз жөнүндө, “Кырк кызга” жоолугуп жүрөгү тоңуп кыз сүйбөй калган жигит жөнүндө да жомок легендалар бар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости