www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Документ боюнча баяндама жасаган өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Жумалиев мыйзам долбоору калктуу конуштарда, анын ичинде шаарларда дренаждык системалардын курулмаларынын иштешин камсыз кылууга байланышкан укуктук жөнгө салууну өркүндөтүүгө багытталганын билдирди.
Анын айтымында, өзгөртүүлөр аймактарды суу каптоо, сел агындылары, ташкындар жана башка кооптуу табигый кубулуштардан келип чыккан өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин алдын алуу жана азайтуу боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Талкуу учурунда депутат Кубанычбек Самаков сунушталган ченемдерди ишке ашыруу механизмдерин тактоону сунуштап, сел жана башка табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу иштерин күчөтүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин санын көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.
Депутат Умбеталы Кыдыралиев мыйзам долбоорун колдоп, шаарлардагы дренаждык системалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуунун маанилүүлүгүнө токтолду. Ал эми Эльвира Сурабалдиева өрткө каршы кызматтын материалдык-техникалык базасын чыңдоо маселесин көтөрүп, бийик көп кабаттуу үйлөрдө чыккан өрттөрдү өчүрүү үчүн атайын автотепкичтерди жана башка техникаларды сатып алуу керектигин айтты.
Өз кезегинде депутат Бурул Аманова нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жолдорду суу каптоо көйгөйү күчөп жатканын белгилеп, тиешелүү чараларды көрүүгө чакырды. Депутат Уланбек Жаанбаев болсо өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин азайтуу маселелерине көңүл бурду.
Мындан тышкары, жыйында Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» мыйзамдын 24-беренесинин колдонулушун токтотуп туруу тууралуу мыйзам долбоору да биринчи окууда кабыл алынды.
Аталган мыйзам долбооруна ылайык, крематорийлердин ишин жөнгө салуучу ченемдерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон уюштуруучулук, укуктук жана инфраструктуралык шарттарды түзүү максатында мыйзамдын 24-беренесинин колдонулушун 2040-жылдын 1-январына чейин токтотуп туруу сунушталууда.