www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 243–296-чакырым аралыгында таш көчкүсү түшкөн. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолду тазалоо жана коопсуздукту камсыздоо максатында министрликтин атайын техникалары тартылып, жолдогу таштар тазаланды. Учурда каттам ачык.
"Аталган унаа жолдун кооптуу тилкелерине коргоочу тирөөч дубалдар орнотулууда. Мындан тышкары, айдоочуларга ыкчам жардам көрсөтүү үчүн SOS белгилери коюлуп, анда байланыш номерлери көрсөтүлгөн. Эгерде жолдо техникалык мүчүлүштүк же башка өзгөчө кырдаал жаралса, SOS белгилеринде көрсөтүлгөн байланыш номерлери аркылуу жол тейлөө кызматтарынын адистерине кайрылсаңыздар болот.
Айдоочулардан аба ырайынын шарттарын эске алып, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону жана этият болууну суранабыз", - деп билдиришти министрликтен.