www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Өзбекстандын Ички иштер министрликтери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу жана сатуу фактысы аныкталган.

«Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө «Э.» аттуу жаран Тажикстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө ири өлчөмдө «гашиш» баңгизатын мыйзамсыз алып келип, сатып жүргөндүгү тууралуу маалымат алынган.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 1993-жылы туулган Э.Э.Й. аттуу жаранды баңгизат сатууга аракет кылып жаткан учурда кармашты. Аны жана автоунаасын тинтүү учурунда скотч менен оролгон, өзгөчө жыты бар зат салынган үч таңгак табылып, алынган. Баңгизаттын жалпы салмагы 3 килограммды түзгөн.

Андан соң анын жашаган жерин тинтүү учурунда дагы 31 таңгак табылып, алынган. Алардын жалпы салмагы 31 килограмм 398 граммды түзгөн. Жалпы алынган баңгизаттын салмагы 34 килограмм 448 грамм болду.

Последние новости