www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы бир катар өлкөлөрдүн аймактарына кайрадан аскердик соккулар урулганы тууралуу кабарларга тынчсыздануусун билдирет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.

ТИМ Кыргызстан жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга багытталган сүйлөшүү процессине доо кетире турган кандай гана болбосун аскердик аракеттерди айыптай турганын маалымдайт.

«Кыргызстан тараптарды максималдуу түрдө токтоолукка, ок атышууну токтотуу режимине карама-каршы келген жана кырдаалдын андан ары курчушуна алып келиши мүмкүн болгон кадамдардан карманууга, эл аралык укуктун жана БУУнун уставынын ченемдерин, өзгөчө жаңжалга тарап болуп эсептелбеген Булуң өлкөлөрүнө карата так сактоого жана жаңжалды аскердик эмес, дипломатиялык жол менен жөнгө салуу боюнча чараларды улантууга чакырат», - деп айтылат билдирүүдө.

Последние новости