www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы коомдук тамактануу жайларында жүргүзүлгөн рейддик текшерүүнүн жүрүшүндө алкоголдук жана тамеки продукцияларын мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын аныкташты.

Маалыматка ылайык, эки кафеден акциздик маркасы жок тамеки буюмдары, ошондой эле акциздик маркасы жок жана эски үлгүдөгү акциздик маркалары бар чет өлкөдөн ташылып келген алкоголдук продукциялар табылган.

Жалпысынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 233 даана алкоголдук жана тамеки продукциясы, ошондой эле чет өлкөдөн чыккан 200 литр спирт камтыган суюктук алынды.

Алардын арасында акциздик маркасы жок 37 бөтөлкө арак жана 100 куту тамеки болгон.
Тартып алынган продукциялардын жалпы наркы 200 миң сомдон ашканы белгиленди.

Аталган фактылар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар укуктук баа берүү жана мыйзам чегинде чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Последние новости