www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкектеги коомдук транспорт маселесин көтөрдү. Ошондой эле автобекеттердин көчүрүлүшү кимдин “эксперименти” экенине кызыкты.
"Кайрылуулар көп келип жатат. Коомдук транспорт жетишпейт, троллейбус жок. Эл жумушка, окууга өз убагында келе албай жатат. Шаарда качан коомдук транспорт маселеси чечилет? Аймактардан Бишкекке дарыланганы, окуганы, иштегени же башка жумуштар менен келген адамдар да кыйналды. Убактылуу автобекетке чейин келет таксисттер «андан ары өзүңөр кете бергиле» дейт. Алар кантип жетет? Туура, жаңы бекет курулуш керек. Бирок, жаңысы салынгыча эскисин бузбашыбыз керек. Коомдук транспорт жок, кышында эл кантет? Мындан сырткары студенттердин окуусу боюнча чечимди кайра карап чыккыла. Алар окуудан үйүнө түндө кайтып жатышат. Мындан тыгын чечилген жок, тескерисинче күчөдү", — деди Бекешев.