www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев эгер “Азаттык” жабыла турган болсо өлкөдөгү бардык жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) коррупцияны ашкерелеген макала жарыялоодо этияттап калышат деп эсептейт. Мындай пикирин депутат 25-январда “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Депутаттын пикиринде, ушундай эле ыкма дагы бир ЖМКга каршы колдонулгандан кийин баары унчукпай калат.

“Жада калса социалдык түйүндөргө жазып жүргөндөр да унчукпай калышат. Медианы оңой эле жаап жатышкан жерде эркиндик менен мүлктү да оңой эле тартып ала беришет”, - дейт Бекешев.

Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгону маалымдалган.

"Азаттык Медиа" бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет.

Ал арада министрлик “Азаттык Медианын” ЖМК катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы 23-январда белгилүү болду.

Министрликтин кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчил сындап чыгышты.

Последние новости