www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына 30 лицензия алууну пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев билдирди.

Жыйында депутат Эмил Жамгырчиев: «30 лицензия алабыз деп эмнеге таянып айтып жатасыздар? Анализ жүргүздүңөрбү?», — деп сурады.

Канат Шабданбаев ар бир федерация менен жолугушуулар өткөрүлүп, сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин айтылган болжолдуу сан экенин айтты.

«Учурда спорттун 11 түрүнөн 26-27 лицензия жана паралимпиада оюндары боюнча 2-3 лизенция алабыз деп болжолдоп жатабыз. Ошондо жалпы 30 лицензия болот», — деди Спорт департаментинин директору

Депутат өлкөдөгү федерациялардын санын сурап, ич ара реформаларды жүргүзүү керектигин айтып, «бизде чөп үстүндө ойнолуучу хоккей боюнча федерация бар, ал кандай жыйынтык берүүдө?», — деп сурады.

Канат Шабданбаев учурда 93 федерация катталганын айтып: «Анын 12си улуттук спорт жана 42си олимпиадалык эмес спорттун түрлөрүнө кирет. Чөп үстүндө ойнолуучу хоккей боюнча федерация олимпиадалык спорттун түрүнө кирет. Жаңы эле ачылды. Азырынча эч кандай натыйжа бере элек», — деп жооп берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости