www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы тууралуу премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов тааныштырып жатат.

Анда депутат Дастан Бекешев Улукбек Мариповго "5 миң 600 сомго жашап көрө аласызбы?" деген суроо узатты.

Марипов: "Андай акчага жашаса болот бирок кыйын. Сурооңузду түшүнүп турам. жашоо миниму жөнүндө айтып жатасыз", - деди.

Депутат: "Анда эмнеге элди алдап жатабыз. Мынча акчага жашаса болот деп жатасыңар. Түзүмдү алмаштыруу, экинчи референдумду өткөрүү менен алек болуп жатабыз. Бизде саясат эле болуп калды. Азык-түлүктөрдүн баасы өсүп жатат, айлык өспөй эле. Качан мугалим, почта кызматкерлеринин жана башкалардын айлыгы көбөйөт?" - деп сурады.

Марипов: "Качан баарыбыз биргеликте өндүрүшкө тоскоол болбой, жеке бизнести коргоогондо иш алдыга жылат", - деп жооп берди.

Бекешев "Ташиев же Финансы полициясы тоскоолдук кылып жатабы?" деп сурады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости