www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында эле мандат алган Жогорку Кеңештин депутаты Байгазы Кенжебаев өкмөт башчылыкка талапкер Улукбек Мариповго өзүнүн айылында бүтпөй жаткан мектеп тууралуу айтып, тамашалуу жооп алды.
Эл өкүлү кичи мекени Талас районунда мектептин курулушуна 70 миллион сом каралып, бирок 2017-жылы пайдубалын түптөөгө 5 миллион гана бөлүнүп токтоп калганын айтты.
«2016-жылы Талас районунан бир депутат эжебиз бар эле. Ал кетери менен кандайдыр бир себептер менен курулушу токтоп калды. Бирок андан кийин, 2018-жылы бекитилген мектептер бүтүп калды да. Ушул тарабын карап коёсузбу», — деди Кенжебаев.
Буга Марипов «Депутат болуп келишиңиз менен куттуктаймын! Сиз келиптирсиз, эми бүтөт го, Кудай буюрса» деп тамаша иретинде жооп узатты.
Андан соң депутат маселени анын мандаты менен байланыштырбоого чакырды.
Мындан улам Марипов тамашалаганын айтып кайра кечирим сурап, жаңы мектеп куруу сунушталбай турса башталгандарды аягына чыгууну убадалады.
Эскерте кетсек, Байгазы Кенжебаев өткөн жылдын 3-октябрында мандат алып депутат болуп келген.
Булак: NazarNews.kg