www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештеги бейшемби күнкү пленардык жыйындарда өтүүчү «ар түрдүү маселелер» процедураларды өзгөртүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу ал 21-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, учурда депутаттар министрлер кабинетине Аяз-атага кайрылгандай болууда.
"Эки саат ар кандай суроолорду беребиз. Алмас Ахунжанович (ред.: президенттин парламенттеги өкүлү), анын баарын жазып алат, бирок жыйынтыгында биз акча жок деген жоопту алып жатабыз. Дароо эле жоопту алган жакшы болмок. Убакытты, кагазды коротпой, чиновникерди жүдөтпөй. Өкмөттүн өкүлдөрү бир жумада эки жолу келип берилген суроолорго тез арада жооп берип турушса болмок. Президенттин өкүлү жөн гана катчыдай эле отурат. Ага Аяз-атага кайрылгандай болуп жатабыз. Бирок биз билебиз бюджетте каражат жок экенин. Андыктан мен бул түзөтүүлөрдү регламентке киргизүүнү сунуштайм", - деди Бекешев.
Булак: NazarNews.kg