www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров экс-президенттердин Дубайдагы жолугушуусун сынга алды. Депутаттын айтымында, муну менен азыркы бийлик арыгын алдын-ала чаап жатат.
"Эл үчүн иштейбиз деп жүргөн азаматтардын баары өздөрүнүн маселесин бөтөн жерге барып, жашыруун түрдө жолугушуусу бул өтө уят маселе. "Баарын бир столго бириктирдим" деп жатпайбы, отургуза турган болсо касиеттүү Кыргыз жери бар. Ушул жерде эл үчүн, мамлекет үчүн иштейбиз деп ант ичишкен. Ушул жерге келип жыйналса, кепилдик беришсе дагы жакшы болмок. Жеке кишинин пикири менен улуттун пикирин аралаштырбаш керек. Ал сенин пикириң, бири-бири менен кечиришеби, кечиришпейби ал алардын жумушу. Мунун негизги максаты ошол жактагы президенттердин тагдыры же мамлекеттин келечеги эмес, азыркы бийлик өзүнүн арыгын алдын-ала чаап жатат", - деди Мадумаров.
Эске сала кетсек, өлкө башчысы Садыр Жапаров КРнын мурдагы президенттери менен жолукканын билдирген.
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев "Фейсбуктагы" баракчасына аталган жолугушууга Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышкандыгын жазган.
Булак: NazarNews.kg