www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байдендин Киевге сапары демонстрациялуу, анын максаты “бул үйдө ким кожоюн экенин” көрсөтүү, деп билдирди РИА Новостиге Донецк элдик республикасынын башчысынын милдетин аткаруучу Денис Пушилин.

"Башка өлкөлөрдүн башчыларын кабыл алуу суверендүү мамлекеттердин ички иши, бирок бул Украинанын иши эмес. Ал АКШдан көзөмөлдөнөт жана Киевге 2014-жылы мамлекеттик куралдуу төңкөрүш жасаган архитекторлордун бири келди", - деди ал. 

Анын айтымында, "Байден Украинага "миллиарддар" бөлүнөрүн айткан жана бул каражаттар мындан ары согуштук аракеттерди тутандырууга жумшаларын баары ачык түшүнөт".

"Согушууга анча ынтызар эмес украин элин "колдош" керек, Украинанын калган бөлүгүн АКШнын кызыкчылыгы үчүн садага чабууга ынандырган чалагайым чечимдерди кабыл алганы үчүн рейтинги төмөндөп жаткан Зеленскийди "колдош" керек", - деди Пушилин.

"Мындай алгылыктуу аргументтер болбосо Байдендин Киевге келиши күмөн болчу", - деп кошумчалады ал.

Байден кечээ, 20-февралда, Украинага күтүүсүз жерден келип Владимир Зеленский менен жолуккан. Ал Киев аскердик жардамдардын жаңы пакетин аларын билдирген. Зеленский бул сүйлөшүүлөр өтө маанилүү жана пайдалуу болду деп атаган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости