www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-июнда Биринчи-Май райондук сотунда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакка алынгандардын кезектеги соттук процесси болот.

Камактагы Азимбек Бекназаров өзүнүн Фейсбук баракчасына: "Сокур көргөнүн койбойт болушуп эптеп токуган Кемпир-Абадчылардын соту башталат", - деп жазды.

"Чубактын кунундай чубалжыган, Ормон опузадай ойдон чыгарылган, дүлөй укканын койбойт, сокур көргөнүн койбойт болушуп эптеп токуган Кемпир-Абадчылардын соту башталат. 

Жалаа жапкандарды, айыпсыз айыптагандарды, буйрук берип болбогонду болтургандарды Жараткандын, тарыхтын сотуна койдук. Биз болгону жер кетпесин, суу кетпесин дедик! Суунун баркын көп өтпөй көрө баштадык.

Мындан ары өз кылыгыңар өзүңөргө муш болоор!", - деп билдирди Бекназаров.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости