www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
НАТО өлкөлөрүнүн ичинен АКШ Украинаны мүчөлүккө кабыл алгысы келбейт. Бул тууралуу The Economist журналы жазды.
Мындай чечим америкалык бир катар аткаминерлердин пикирлеринен кийин белгилүү болду.
17-июнда Джо Байден «Украинанын НАТОго кабыл алынышында эч кандай жеңилдетилген шарттар болбой тургандыгын, альянстын башка мүчөлөрүндөй эле талапка баш ийиши керектигин» билдирген.
Ал эми Франция «Украинанын альянска киришиндеги өз алдынча коопсуздук кепилдиги» боюнча вариантты иштеп чыккан.
Чехиянын президенти Петр Павел «согуштук чыр-чатактар токтой электе Украинанын НАТОго кошулуусу мүмкүн эместигин» айткан.
Ал эми, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг «Альянстын башкы максаты Украина көз карандысыздыгын сактап калышы керек, бирок, Вильнюстагы саммитте мүчөлүккө кабыл алуу эртерээк» деген пикирде.
Украина НАТОнун 33-мүчөсү болгонго абдан кызыгдар болсо дагы альянстын мүчө мамлекеттеринин башчыларынын пикирлери ар кандай.
Булак: NazarNews.kg