www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатта көп нерсе боло берет экен да. Бири-биринин артынан сөз сүйлөгөндөр канча. Бетти калың кылышып. Азыр Алмазбек Атамбаев саясатчылардан көзү өтүп турат. Жолуксам деген эле ой. Офисиндеги балдар дагы саясатчыларды шефи менен жолуктурууга чуркап, мурун эки метр алыстан басып, жолукканды каалабаган саясатчылары менен кучакташып жүрүшөт. Тиги саясатчы жолугалы десе макул болбой койду, сиз менен жолукканга даяр деген сөздү айтып. Саясатчы айым “Алмазбек Шаршенович, азыр эч ким кабыл албай жатат.

Ал тургай айтылуу Азимбек Бекназаров өзү жолугалы деп суранганда кабыл албай койду…” деп айтышыптыр. Азимбек Бекназаров болсо эки айдан бери Аксыда айылдын таза абасынан кере жутуп, ден-соолугун карап жүрүптүр. Байланышканыбызда “Мунун баары калп. Мен тараптан эч кандай сураныч болгон эмес. Сүйлөшкөн да эмесмин. Ал тургай бийлик менен да сүйлөшүү болгон жок. Айылда эс алып эле жүрөм. Эгемендүүлүк күнүнө, Көчмөндөр оюнуна чакыруу жөнөтүптүр. Ага да айылда болгондуктан барбадым” деп “өрдөкчүлөрдү” уят кылбадыбы…

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости