www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркиндик тууралуу жаңыча стилде ырдап чыккан ырчы Зере коомдун кызуу талкуусуна кабылды. Бир тараптан аны жемелеп, кодулагандар чыкса, экинчи жагынан Зеренин ырынын философиясына, эркиндикти даңазалаган стилине жана адамдык эркине баа бергендер колдоп-коштоодо. Зеренин инсандык өз алдынчалыгы менен чечим кабыл алуудагы эркиндигин кубаттаган атасы Асылбек Жоодонбеков ырчынын чыгармачыл дүйнөсүнө аскар тоодой тирек болуп берүүдө.

Бул арада жарандык эркин позицияны баалаган феминист кыздар Зерени колдогон флешмоб өткөрүүгө киришти. Guliaim Greeny аттуу кыз кечээ Фейсбукта #феминистмин, #кыйкырба, #менин ишим деген хештэгдер менен ич кийимчен сүрөтүн чыгарды. Мындай акцияны кубаттап өздөрүнүн Зереникине окшогон ачык сүрөттөрүн жарыялагандардын саны азырынча массалык түргө өтпөсө да, ишенимдүү өсүүдө. Социалдык түйүндөрдөгү феминистердин пикирлерине караганда адамдар мындай клипти алдакачан жана түпкүрүндө күтүп келишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости