www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 26-апрелде саат 11:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жазуучу менен коштошуу зыйнатынан кийин Жакиевдин сөөгү Бишкекте жерге берилет.

85 жаштагы Бексултан Жакиев 25-апрелде дүйнөдөн кайтты. Ал акыркы мезгилде ооруп жүргөн.

Белгилей кетсек, жазуучу 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган.

Бексултан Жакиев 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1962-жылы Киносценаристтердин Москвадагы эки жылдык жогорку курсунда билим алган. Андан кийин эмгек жолунда «Кыргызфильм» киностудиясында редактор, Кыргыз ССР Маданият министрлигинде, Кыргыз ССР Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун катчысы, президенттин мамлекеттик кеңешчиси, «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык боюнча комитеттин төрагасы болуп эмгектенген.

Ошондой эле, жазуучунун коомчулукка тааныткан «Атанын тагдыры» аттуу драмасы Кыргыз драма театрында 500дөн ашык жолу коюлган.

Жакиевдин «Миң кыял», «Алтын аяк», «Өкүм», «Эртең – жаңы жыл», «Жолугушуу», «Күттүргөн жаз да келер», «Саадак какты», «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай», «Жаза» жана башка драмалары бар. Мындан тышкары новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин автору.

Кошумчалай кетсек, жакында эле анын «Өмүр өтөт билинбей» аттуу чоң повести жарык көргөн.

Өз кезегинде, Бексултан Жакиев Кыргыз ССРинин искусствосунун эмгек сиңирген ишмери, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз эл жазуучусу, III даражадагы «Манас» ордени жана Даңк медалы менен сыйланган. Казакстандын Төлөгөн Айбергенов жана Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты болгон. Ага Казакстандын Астана медалы берилген.

Эске салсак, Кыргызстанда Бексултан Жакиевге эң даражалуу Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган.

NazarNews маалымат агенттиги маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости