www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдө суу талашкан согуш башталабы?

Климаттын өзгөрүшү акыркы 50 жыл ичинде планетанын айрым жерлеринде таза суу тартыштыгына алып келет. Бул тууралуу окумуштууларга шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

«Жогорку экономика мектеби» улуттук изилдөөлөр университетинин география жана геоинформациялык технологиялар факультетинин доценти Мария Сидорованын айтымында, суунун көлөмү боюнча эмес, сапаты боюнча көйгөйлөр жаралат.

«Климаттын өзгөрүшү суунун сапатын начарлатат. Мисалы, абанын температурасы адаттагыдан жогору болсо, суу астындагы өсүмдүктөр ченебей өсүп, суу булганат. Жаан-чачын көп болгон учурда жаандын суусу дарыя, булактарга аралашып, сууну ылайлатат. Бирок суу үчүн согуш болот деп ойлобойм. Азыр адам баласы туздуу сууну тазартуу жолдорун үйрөнүп келе жатат. Ошондой эле сууну үнөмдөө боюнча технологиялар пайда болууда», — деди Сидорова.

Анткен менен география илимдеринин кандидады, климаттын оор шарттарынан улам жер которгондор боюнча адис Юлия Кузнецова суу тартыштыгы эмитен эле аскердик кагылышууларга алып келип жатканын айтты.

«Бир нече жылга созулган кургакчылык менен элдин таза сууга жетпей кыйналышы 2011-жылы Сириядагы аскердик сценарийдин башталышына себеп болгон. Өлкө ичинде миграция күч алып, эл арасында ресурс үчүн күрөш башталган. Мындан тышкары, Дарфур кагылышы деген ат менен таанымал Судандагы чуу дагы суу тартыштыгынан келип чыккан», — деди Кузнецова.

Эске салсак, 2020-жылдын жай мезгилинде дүйнө жүзү боюнча абанын температурасы нормадан 1,17 градус жогору болуп, XX кылымдагы эң ысык учур болуп калган. Бул учурда дүйнөнүн айрым жерлеринде кургакчылык болсо, экинчи жагында суу ташкындап, адам баласын бир топ убайымга салган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости