www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын бийлиги Кара деңизде үч районду чет элдик аскердик жана мамлекеттик кемелер үчүн жапты. Бул тууралуу «РИА Новости» агенттиги Орусиянын Коргоо министрлигине таянуу менен билдирди.
Маалыматка караганда, үч район тең аннексияланган Крымдын жээгине жакын акваторияга таандык.
Чектөөлөр жарым жылга - 24-апрелден 31-октябрга чейин уланат. Министрлик жабылган үч зона тең Орусиянын аймагында экенин жана Керч кысыгы аркылуу кемелердин өтүшүнө тоскоол болбой турганын жарыялады.
Белгилей кетсек, буга чейин Орусия Кара деңиздеги бир нече райондордун жабылышын аскердик машыгуулар менен байланыштырган.
22-апрелде коргоо министри Сергей Шойгу өлкөнүн түштүгүндө, Украина менен чек арада машыгуулар токтогонун, аскерлер 1-майга чейин туруктуу жайгашкан жерлерге кайтаарын жарыя кылган.
Украина Орусиянын деңиздеги үч районду жапканына нааразылык билдирди. АКШ муну Украинадагы кырдаалды дестабилдештирүү аракети деп атады.
Евробиримдик менен НАТО Кремлди бул чечимди жокко чыгарууга, сууда эркин жүрүү укугун камсыздоого, Киевдин Азов деңизиндеги портторуна эркин каттамга жолтоо болбоого чакырды.
Булак: NazarNews.kg