www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ата мекендик эксперттер жана саясат таануучулар бул кадрлардын деңгээлин көтөрө турган туура жаңычылдык экенин белгилешүүдө. "Аймактын жетекчисин алмаштыруу жакшы натыйжа берет жана мамлекеттин ичиндеги биримдикти бекемдейт" деген пикири менен бөлүштү КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу кеңешинин директору Бектурган Орозбаев. Ал ошондой эле бул аймактык башкарууда гана эмес, бүтүндөй өлкө үчүн жакшы тажрыйба болорун практика көргөздү деп кошумчалады.

--"Мен бул демилгени колдойм. Биринчиден, акыркы убактарда аймактык органдардын жетекчилери ошол эле райондон же айылдардан чыккандар болуп калышты. Бул натыйжалуу башкарууга тоскоолдук кылат, бул менталитетке байланыштуу.

Мындай практика мамлекеттик кызматкерлер башка аймакка келгенде пландарды жана реформаларды жүзөгө ашырууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтөт. Келген жерге ыңгайлашууга байланыштуу белгилүү кыйынчылыктар бар, бирок бул чоң тажрыйба. Акыркы убактарда аймактарга бөлүнүү жүрүп жатканын көрүп атабыз. Адамдар кыска ойлонушат. Жетекчилердин алмашуусу мындан арылууга жана башка райондордо тургундар кандай жашап жатканын көрсөтүүгө жардам берет. Муну өлкө боюнча колдонууга болот", - деди Орозбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости