www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдиктин лидерлери Беларус бийлигинин Грекиядан Литвага бараткан «Ryanair» авиакомпаниясынын учагын мажбурлап Минскке кондурганын жана борттогу беларус журналисти Роман Протасевичти камакка алганын кескин айыпташууда.

Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен уюмдун мүчөлөрүн Беларусту 27 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенконун режимине каршы санкцияларды күчөтүүгө чакырды.

«Беларус режиминин мыйзамсыз жана кыжырды келтире турган аракетинин кесепети болот. «Ryanair» учагын башка жакка айдап кетүүгө жооптуу адамдарга санкция киргизилиши керек», - деп жазды Ляйен Twitter баракчасына.

Литванын президенти Гитанас Науседа Беларус бийлигинин журналист Протасевичти камакка алганын «мурда болуп көрбөгөн окуя», «мамлекет колдогон террордук акт» деп мүнөздөдү. Ал бул маселе Еврошаркеттин 24-майдагы саммитинде талкуулана турганын билдирди.

Польшанын премьер-министр Матеуш Моравецкий Европа кеңешин Беларуска чукул санкция киргизүү маселесин талкуулоого чакырды. Франциянын Тышкы иштер министрлиги Евробиримдик бул окуяга чогуу жооп кайтарышы керек экенин айтты.

23-майда «Ryanair» авиакомпаниясынын Афина-Вильнюс аба каттамы боюнча учуп бараткан жүргүнчүлөр учагы «бомба бар» деген шылтоо менен Минскинин аба майданына кондурулган. Натыйжада борттогу журналист, блогер Роман Протасевич жана анын сүйлөшкөн кызы камакка алынган. Беларустун мамлекеттик маалымат каражаттары учакты кондуруу буйругун Александр Лукашенко өзү бергенин жазган.

Литвада баш калкалап жүргөн журналист Протасевич Беларустагы ири демонстрацияларда маанилүү роль ойногон «Nexta» телеграм-каналынын мурдагы редактору болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости