www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Биздин баш калкалоочу жайда 10 аял жана 15 бала бар", - деди NazarNews маалымат агенттигине "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова.

--"Мен канчалаган жылдан бери зордук-зомбулукка кабылган аялдарды коргоп, жардам берип келем. Айрымдарын күйөлөөрү же кайын журту үйүнөн чыгарып жиберген учурлары болот. Мындан сырткары айрым ата-энелер жаш кыздарын өзүнүн каалоосу жок турмушка берип, же ала качтырган учурлар кездешет. Андай учурда жаш кыздар отурбай кетип калышат. Бирок баш калкалай турган жери жок болгондуктан бизге кайрылышат. Биз сөзсүз психологиялык жардам берип, андан соң туура багытка жол көрсөтөбүз.

Азыр биздин баш калкалоочу жайда 25 адам, анын ичинде 10 аял жана 15 бала бар. Алардын бардыгы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жапа чегип, жардам сурап биздин кризистик борборго келишкен. Баш калкалоочу жайда аларга психологиялык жардам көрсөтүлөт, арт-терапиялар болот. Ар бир аялдын жайгашуу мөөнөтү ар башка. Айрымдары бизде реабилитациядан өтүп, 2-3 жума кээде андан да аз убакыт жүрөт. Кимдир бирөө реабилитациялык жардамга гана эмес, реинтеграциялык жардамга да муктаж. Реинтеграция узак жашоону билдирет. Мындай учурларда биздин социалдык кызматкерлер аялдарга жумуш табууга, балдарын бакчага жана мектепке жайгаштырууга жардам беришет. Андан тышкары биздин юристтер жана укук коргоочулар жардам көрсөтүшөт. Эгер сиз же сиздин жакындарыңыз зомбулукка кабылса биз менен байланышыңыз. Ишеним телефондор: 0551 316466, 0501 512640, 0551 512640", - дейт укук коргоочу.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости