www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин жыйынында «2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Мыйзам долбоорун тааныштырган ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев белгилегендей, макулдашууну ратификациялоо эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган ченемдерине ылайык тиешелүү тараптын аймагында мыйзамсыз жүргөн адамдарды кабыл алууну, чыгарылууга тийиш болгон адамдардын транзитин жеңилдетүү үчүн өбөлгөлөрдү түзөт жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө тыгыз кызматташтыкты жөнгө салат.
Андан тышкары, жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «2025-жылдын 27-июнунда Беларусь Республикасынын Минск шаарында кол коюлган Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен ага мүчө мамлекеттердин жана экинчи тараптан Монголиянын ортосундагы Убактылуу соода макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду.
Мыйзам долбоору тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов маалымат берип, мыйзам долбоору ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен Монголиянын ортосундагы өз ара соода жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө багытталган.