www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги коммерциялык айдоочулук күбөлүктөрүн (CDL) алуу жана узартуу тартиби боюнча мурда жарыяланган маалыматтын уландысы катары Америка Кошмо Штаттарында аталган күбөлүктөрдү берүү жана узартуу боюнча күчөтүлгөн талаптар колдонулууда экенин билдирет.

АКШнын Транспорт министрлигинин жана Автотранспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча федералдык администрациясынын түшүндүрмөлөрүнө ылайык, CDL алууга же аны узартууга укук, эреже катары, төмөнкү категориядагы адамдарга сакталат:

  • АКШнын жарандарына;

  • «грин-карта» ээлерине (АКШнын мыйзамдуу туруктуу жашоочуларына);

  • АКШда айрым жумуш визаларынын негизинде жүргөн чет өлкөлүк жарандарга.

Ошондой эле иштөөгө уруксат (EAD) жана социалдык камсыздандыруу номери (SSN) болгонуна карабастан, АКШнын федералдык органдары тарабынан таанылган тиешелүү иммиграциялык макамы жок учурда CDL алууга же узартууга кепилдик бербегендигине көңүл бурабыз.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жарандарга штаттын ыйгарым укуктуу органдарынан талаптарды алдын ала тактоону, уруксат берүүчү документтердин колдонуу мөөнөттөрүн көзөмөлдөөнү жана федералдык ченемдерге мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү эске алууну кайрадан сунуштайт.

Последние новости