www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз илими, тил илими жана билим берүү тармагы орду толгус оор жоготууга учурады. Көрүнүктүү түрколог-окумуштуу, белгилүү тилчи, тажрыйбалуу педагог, филология илимдеринин кандидаты, доцент Султаналиев Ишенбек Шаршекеевич 76 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Ишенбек Шаршекеевич өзүнүн өмүрүн кыргыз тилинин өнүгүшүнө, улуттук илимдин жана билим берүүнүн өркүндөшүнө арнап, бул багытта зор салым кошкон көрүнүктүү инсан эле. Ал кыргыз тилинин фонетикасы, лексикасы, грамматикасы, тарыхы, диалектологиясы жана адабий нормасы боюнча терең илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, түркология илимине олуттуу эмгектерди жаратты.

Узак жылдар бою Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде үзүрлүү эмгектенип, жаш муундарды тарбиялоодо, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо зор эмгек сиңирди. Анын лекциялары мазмундуулугу, тереңдиги жана таасирдүүлүгү менен айырмаланып, көптөгөн студенттер үчүн чыныгы илимий мектеп болуп калды.

Маркумдун илимий мурастарынын ичинде кыргыз адабияты жана тил илими боюнча фундаменталдуу эмгектер, анын ичинде Мидин Алыбаевдин чыгармачылыгын изилдеген монографиясы, ошондой эле Махмуд Кашкаринин “Диван лугат ит-түрк” эмгегин кыргыз тилине которууга кошкон салымы өзгөчө орунду ээлейт. Ал ондогон илимий, методикалык эмгектердин автору катары кыргыз илимине өчпөс из калтырды.

Ишенбек Шаршекеевич эмгеги жогору бааланып, бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга татыктуу болгон. Ал илимге берилгендиги, жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги жана жогорку кесипкөйлүгү менен кесиптештеринин, студенттеринин жана жалпы коомчулуктун терең урматына ээ болгон.

Анын жаркын элеси, жасаган эмгектери жана адамдык асыл сапаттары кыргыз элинин эсинде түбөлүк сакталат.

 

Последние новости