www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 29-апрелинде Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасы менен Тринидад жана Тобаго Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулду. Алакаларды орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева жана Тринидад жана Тобаго Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлү Нил Парсон кол коюшту.

Документтин текстинде, тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун уставын жана эл аралык укуктун принциптери менен максаттарын, атап айтканда эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту урматтап-чыңдоону, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендүүлүктү жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыкты тийиштүү түрдө урматтоону, эл аралык келишимдерди сактоону жана мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөөнү жетекчиликке алып, дипломатиялык мамилелерди орнотушкандыгы белгиленет.

Кол коюу аземинен кийин тараптар БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында достук мамилелер менен кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле БУУнун алкагында эл аралык уюмдарга бири-биринин талапкерлерине колдоо көрсөтүү боюнча ниеттерин билдиришти.

Последние новости