www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

R&B ырчысы Ар Келли (R. Kelly) - "Мен уча алам" трекинин аткаруучусу 30 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу «Московский комсомолец» жазды.

Ал сексуалдык эксплуатациялоо максатында адам сатуу боюнча айыпталган.

«Тергөөчүлөрдүн айтымында, ал өзүнүн атактуулугун сексуалдык зомбулуктун курмандыктарын тузакка түшүрүү үчүн колдонгон.

Прокурорлор судьядан 55 жаштагы Келлини 25 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратууну суранса, анын жактоочулары прокурорлордун талабы «өмүр бою эркинен ажыратууга барабар» деп, 10 же андан аз мөөнөткө эркинен ажыратууну суранышты», - деп айтылат маалыматта.

«Коммерсант» басылмасы белгилегендей, музыкант өзүнүн курмандыктарын тамактанууга же дааратканага барууга уруксат сураганга мажбурлаган. Кыздардын бири ырчы аны эки күн тамак-ашсыз, суусуз камакта кармап, андан соң кордогондугун айткан.

Ырчы Бруклиндеги федералдык сот тарабынан соттолгон. Ар Келли дагы бир нече сот процессине туш болот, анын ичинде Чикагодо. Ал жашы жете элек балдар менен порнографиялык материалдарды жасаган деп айыпталууда.

Келли 1990-2000-жылдардагы эң ийгиликтүү ырчылардын бири, үч Грэмми музыкалык сыйлыгынын ээси жана "I Believe I Can Fly" ырынын автору.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости