www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швеция менен Финляндия НАТОдон расмий чакыруу алат

НАТО Швеция менен Финляндияны аскердик альянска расмий чакырганы жатат. Бул тууралуу алянстын баш катчысы Йенс Столтенберг бүгүн, 29-июнда билдирди.

Анын айтымында, бул чечим НАТОнун лидерлеринин Мадридде өтүп жаткан саммитинде кабыл алынмакчы.

"Чакыруудан кийин бул чечим 30 өлкөнүн парламентинде ратификациядан өтүшү керек. Ал ар дайым белгилүү бир убакытты талап кылат. Бирок мен жараян тез эле бүтөт деп ойлойм. Анткени өнөктөштөр ратификация жараянын мүмкүн болушунча тезирээк ишке ашырууга даяр", - деди Столтенберг.

Швеция менен Финляндия Орусиянын Украинага кол салганына байланыштуу көптөн бери келе жаткан бейтараптуулук макамынан баш тартып, НАТОго кошулуу чечимин кабыл алган.

Бирок бул уюмдагы Түркия Швециянын Анкара террордук уюм деп эсептеген Күрд жумушчулар партиясынын өкүлдөрүнө колдоо көрсөткөнүн жүйө келтирип, Скандинавиядагы эки өлкөнүн НАТОго мүчө болушуна каршы чыккан.

Түркия, Швеция жана Финляндия 28-июнда Мадриддеги эки күндүк саммиттин биринчи күнүндө коопсуздук боюнча макулдашууга кол коюп, Анкара эки өлкөнүн НАТОго мүчө болушуна макулдугун берди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости