www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун тарапташы Бекзат Өмүрбеков Гүлбурак айым кайра эски үйүнө көчүп барганын, «Ансар» компаниясы ал үйдү карызга бергенин, акчасын төлөй албай үйдү тапшырганын айтып чыкты.

Президент Садыр Жапаровдун Tik tok социалдык тармактагы колдоочусу Гүлбурак аттуу айым мындан бир нече ай мурда үйлүү болгон. Блогер Азирет Осмонов атайын видео жарыялап, Гүлбурак айымга Ош шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринен «Ансар» компаниясы үй алып бергенин маалымдаган. Осмоновдун буга чейинки чыгарылында Гүлбурак айым жалгыз бой эне экенин жана эки баланы батирде жашап тарбиялап жаткан айткан.

Кечээ жакында Садыр Жапаровдун дагы бир тарапташы Бекзат Өмүрбеков бул боюнча маалымат берип, Гүлбурак айым кайра эски үйүнө көчүп барганын, «Ансар» компаниясы ал үйдү карызга бергенин, акчасын төлөй албай үйдү тапшырганын айтып чыкты.

«Оштогу Гүлбурак деген кызга Садыр Жапаров үй алып бериптир деп айтыптыр. Бул өтө жалган. Аны бир блогер бала ортого түшүп, бир компаниядан ипотека же кредитке 10 жылга алып бериптир. Бирок ал кыз азыр, ал квартирада жашабай, 2 жыл 8 миң сомдон, дагы эки жылдан кийин 10 миң, дагы 2 жылдан кийин 13 миң сомдон төлөйт экен. 10 жыл төлөйт экен. Гүлбурак ал акчаны төлөй албай, азыр мурдагы квартирасында жашап жатат. Элден акча чогултуп, 250 000 сомго баштапкы келишимдеги акчаны төлөп, калганын 10 жылга бөлүп койгон. Калптарды токтоткула.»

Бекзат Өмүрбеков блогер (ред.-Азирет Осмонов) мурда президенттикке талапкер Бактыбек Калмаматовго иштеп жүргөнүн, азыр Садыр Жапаровго көө жапкысы келип жатат деп кошумчалады:«Үйдү Садыр Жапаров алып берди деп, эми көчөдө калды деп көө жапкысы келген, бул анын тактикасы. Бул таптакыр туура эмес иш.»-дейт Өмүрбеков.

Эске салсак, Гүлбурак айым TikTok аркылуу президент Садыр Жапаровду активдүү колдоп келгендердин бири.

Булак: ua.kg

Последние новости