www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү саясатчы Жылдызкан Жолдошова сурактан чыкты

Аскер прокуратурасына Жылдыз Жолдошова суракка чакырылганын «АЗИЯnews» гезитинин башкы редактору Аслан Сартбаев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыккан эле.

Экс-депутат суракка чакырылганын төмөнкүчө билдирди:

--Бүгүн мени Кумтөр маселеси боюнча күбө катары Аскердик прокуратура суракка чакырды. Бир эле суроо берилди. 2012-жылы 27-июнда түзүлгөн парламенттик комиссиянын токтомунун долбоору каралып турган учурда, ал комиссияны Садыр Жапаров жетектеген. Ошол долбоорго 34 депутат макул деп колдоп добуш бергенбиз.

– Эмне себептен ошол долбоорду макул деп колдоп бердиңиз? – деген суроо беришти.

Менин жообум, Садыр Жапаров жетектеген КРнын Жогорку Кеңешинин комиссиясынын токтомунун долбоору бул мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын көздөгөн токтомдун долбоору болгон. Тилекке каршы, бул токтомдун долбоору өтпөй калган. Анткени, 120 депутаттын ичинен 34 депутат гана макулдугун берген. Бир эле суроо болду, мен тараптан ушундай жооп болду, - дейт белгилүү саясатчы Жылдызкан Жолдошова.

Эске сала кетсек, «Кумтөр» алтындын кору боюнча дүйнөдө 7-орунда, Орто Азияда 1-орунда турган кен байлыгыбыз кыргыз элине кыянатчыл президентинин, Өкмөт башчыларынын жана эл аралык деңгээлдеги «шылуундардын» кесепетинен элибизге жарытылуу пайдасы тийбей келет. Кылымдар бою уюп жаткан кенибиздин кутун учурдук. Ата-бабаларыбыздын урпактары үчүн сактап келген таберегин бир ууч топтун колуна салып бердик.

«Кумтөр» алтын кени кеминде элүү жыл кыргыз мамлекетинин бакубат жашоосуна тирек болор кенч эле. Чынында үмүттөр акталбады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости