www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сербиянын борбору Белград шаарындагы мектепте 7-класстын окуучусунун куралдуу кол салуусунан бери дегенде 10 киши киши набыт болду.

"Новости" басылмасы 3-майдагы окуяда сегиз окуучу, бир кароолчу каза болгонун кабарлады. Informer жана B92 басылмалары бир мугалим да окко учканын жазды. Түрдүү булактарда жетиден 16га чейин адам жараат алганы айтылды.

Ок аткан 14 жаштагы бала кармалды. Жанынан эки тапанча жана "Молотов" коктейлдери салынган рюкзак табылган. Баштапкы маалыматтарга ылайык, ал баңизат колдонгон абалда болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости