www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутаттар “Белизгейт” боюнча УКМКнын отчетун угуп, конторанын мурунку башчысы Абдил Сегизбаевди жоопкерчиликке чакырышы керек. Мындай пикирди айткан депутат Алмамбет Шыкмаматов өз учурунда УКМК төрагасы үч депутаттын “Белизгейтке” тиешеси бардыгын көп жолу айткандыгын билдирди.
“Бул жерде жеке мамиле жок, сөз мамлекетке, депутаттарга болгон сый-урмат жөнүндө болуп жатат. Мындай болбошу керек. УКМК саясий чагымдар менен куугунтуктарды токтотушу керек. Ошондо КТРК УКМКнын кызматкерлеринин сөздөрүн көрсөтүп турган, азыр да ошентсин. Айрымдар бул жеке мамиле деп жатышат, бирок андай эмес. Эгерде биз азыр УКМКны укпасак, анда биздин атыбызга көлөкө түшөт”, - деди Шыкмаматов.
“Биз али өткөн жылдардагы репрессияларга баа берген жокпуз. Мурунку президенттин ишмердигине баа берилиши керек. Анын айынан айрымдар азыр камалып отурушат, айрымдары саясаттан кетишти. Кийин мындай нерсе кайталанбашы үчүн биз баа беришибиз керек”, - деп кесиптешин колдоду Каныбек Иманалиев.
Булак: NazarNews.kg