www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Диссернет” ресурсу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун диссертациясынан да плагиат таап чыкты. Ресурстун эксперттеринин маалыматында, Акылбек Жапаров 2009-жылы экономикалык өнүгүү жана соода министри болуп турганда экономика илимдеринин доктору наамы үчүн “Кыргыз Республикасынын экономикасын модернизациялоо стратегиясы” деп аталган диссертациясын жактаган. Иш 256 беттен турат, анын ичинен 22си техникалык маалыматтар (мазмуну, адабияттардын тизмеси, тиркемелер). Доктордук даражаны ал кандидаттык диссертациясын жактагандан бир жылдан кийин алган.
“Диссернеттин” кызматкерлери 234 беттик диссертациянын 122 бетинен башка изилдөөлөрдөн көчүрүп алууларды тапкан. Анда Шайлообек Мусакожоев, Азгануш Мигранян, Авасбек Момункулов жана Нурматбек Мамбеталиев аттуу кыргызстандык илимпоздордун эмгектери колдонулган. Ошондой эле, Орусиянын Каржы академиясынын Л.В.Бараева деген студентинин 2002-жылы жазган курстук иши да пайдаланылган. “АКШнын экономикасынын очерки” аттуу брошюранын материалдары да бар.
“Диссернеттин” иликтөөчүлөрү диссертациядан бир гана Шайлообек Мусакожоевдин эмгектерине шилтемелерди табышкан. Башка илимпоздордун эмгектери библиографиялык тизмеде да, диссертациянын текстинде да көрсөтүлгөн эмес. Изденүүчүнүн аталган авторлор менен чогуу жазган эмгектери жөнүндө маалыматтар жок. Муну менен алардын эмгектеринин үзүндүлөрү Акылбек Жапаровдун өзүнүн тексти катары кабылданган.
Булак: NazarNews.kg