www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КТРКнын башчысы Илим Карыпбеков “Белизгейттин” айынан жумушунан кетпей турганын билдирди. Анын айтымында, УКМК тарабынан таркатылган “Белизгейт” тууралуу маалыматтар такталбаса кызматын тапшыраарын ал эч качан жана эч жерде айткан эмес.

Буга чейин Эдил Байсалов твиттер-баракчасына “Карыпбеков мурунку жылы Сегизбаев менен Жолдубаеванын жанында отуруп алып депутаттарга Белизгейт боюнча атырылганын, быйылкыдай болуп Каниметовго шылтай салбай, жоопкерчиликти түз мойнуна алганын, башкысы – далилденбесе кызматтан кетээрин” айткан болчу.

Илим Карыпбеков өзү телеканалдын эфиринин мазмунуна, анын ар бир секундасына жоопкерчилик тартаарын айтканын, бирок кызматтан кетүүнү убада кылбаганын эске салууда. Ал кезинде “Белизгейт” жөнүндө мамлекеттик органдар берген маалыматты таратканын тушүндүрүүдө. “Алар жоопкерчилик тарта беришсин. Белизгейтти мен ойлоп тапкан жокмун да” – дейт Илим Карыпбеков.

Парламенттин кечээги жыйынында депутаттар Илим Карыпбековго суроо беришкенде, ал “бул иш менен Канат Каниметов алектенген” деп, жоопкерчиликти КТРКнын бир кездеги кабарчысына бурууга аракет кылган. Былтыр Абдил Сегизбевдин “Белизгейтти” президентке көтөрүп киришине улай эле КТРК да өз эфиринен бул теманы кызуу чагылдырып, өз демилгелери менен Белиз мамлекетине суроо-кат жөнөтүп, аны бардык жерде көрсөтүп “Белизгейттин” чын экендигин биз дагы далилдедик” таризинде жарыялаган болчу. Бул жолу Илим Карыпбеков “Белизгейтти” журналист Канат Каниметов иликтегенин жана материалдарды атайын органдар беришкенин айтууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости